Главная | Обратная связь | Поможем написать вашу работу!
МегаЛекции

Натуралдык (нукура), гармониялык,




Мелодиялык (обондуу)

Мажор жана минор.

 

 

Мажор жана минор гаммалары музыкада үч түрү менен айырмаланат, натуралдык (нукура), гармониялык, мелодиялык (обондуу) деп.

1. Натуралдык (нукура, табигый) мажор деп - үн баскычтарынын өзгөрүлбөй ойнолгон ладдын атайбыз. Мажордун үч түрүнүн ичинен ушул натуралдык лад музыкалык чыгармачылыкта көп колдонулат. Натуралдык мажордук гамма өзүнүн тондук формуласын сактайт:

тон, тон, жарым тон, тон, тон, тон, жарым тон.

Натуралдык (нукура) гамма түзүлүшүн до-мажордо, соль-мажордо жана фа мажордо карап көрөлү. Мисалы:

 

1т. 1 т. т. 1 т. 1т. 1т.

2. Гармониялык мажор деп - музыкалык чыгармаларда төмөндөтүлгөн VI баскычтын пайда болуусу. Бул төмөндөтүлгөн VI баскыч мажордук ладда абдан көркөм жана назик угулат. Кыргыз музыкалык чыгармаларда, чыгыш эл музыкалык чыгармаларында көп кездешет. VI үн басыкычынын төмөндөтүү белгиси нотанын алдына жазылып, кокусунан коюулган альтерация белгиси деп аталат.

Гамманын мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп, VI менен VII баскычтарынын арасындагы кеңейтилген секунданын пайда болушу саналат.

VI баскычынын жарым тонго төмөндөөсүнөн V баскычка тартылуусу курч боло баштайт. Тондорун санап көрөбүз:

тон, тон, жарым тон, тон, жарым тон, бир жарым тон, тон.

Гармониялык гамма түзүлүшүн до-мажордо, соль-мажордо жана фа мажордо карап көрөлү:

1т. 1 т. т. 1 т. 1 т. 1т.

 

 

3. Мелодиялык (обондуу) мажор деп - гаммада үн баскычтарынын жогору көздөй натуралдык (нукура) ойнолуп, ал эми гамма төмөн көздөй ойнолгондо төмөндөтүлгөн VI жана VII үн баскычтарынын пайда болушу. VI жана VII үн басыкычынын төмөндөтүү белгиси нотанын жанына жазылат.

Музыкада мелодиялык (обондуу) мажор сейрек кездешет. Тондук ирээтин жогору көздөй санаганда натуралдык (нукура) мажордой болот, ал эми төмөн көздөй санаганда:

тон,тон, жарым тон, тон, жарым тон, тон, тон болот.

Мелодиялык (обондуу) мажор гаммасынын түзүлүшүн до-мажордо, соль-мажордо жана фа мажордо карап көрөлү:

1т. 1 т. т. 1 т. 1т. 1т. т 1т. 1 т. т. 1 т. 1т. 1т.

Минордук гамма

 

Музыкалык чыгармачылыкта минордук гамманын үч түрү бар.

1. Натурадык (нукура, табигый) минор деп – үн баскычтарынын эч өзгөрүлбөй ойнолгон ладды атайбыз. Натуралдык (нукура) минор музыкалык чыгармачылыкта көп колдонулат. Натуралдык минордук гамма өзүнүн тондук формуласын сактайт:

Тон, жарым тон, тон, тон, жарым тон, тон, тон.

Мисалды ля-минордо карап көрөбүз:

 

1т. т. 1 т. 1 т. т. 1т. 1т.

 

2.Гармониялык минор деп – үн баскычтарындагы гамманын жогору жана төмөн ойнолушунда VII баскычы жарым тонго жогорулайт. VII баскычтын жогорулашы бул акырындап I баскычка умтулуусу болуп эсептелет. Тондорун санап көрөбүз:

Тон, жарым тон, тон, тон, жарым тон, тон, тон.

Гармониялык минордун мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп VI менен VII баскычтарынын ортосундагы кеңейтилген секунданын пайда болушу саналат. Мисалы ля-минордо:

 

1т. т 1 т. 1 т. т. 1т. 1т.

 

2.Мелодиялык (обондуу) минор деп - үн баскычтарындагыгамманын жогоруу көздөй ойнолушундаVI жана VII баскычтары жарым тонго жогорулап, ал эми гамманын төмөн көздөй ойнолушунда жогорулатылган эки баскычтар (VI, VII), өз ордуна келип, натуралдык (нукура, табигый) гаммада ойнолуп бүтүшү. Мисалы ля-минордо:

 

 

 

Натуралдык (нукура, табигый), гармониялык жана мелодиялык (обондуу) мажордук жана минордук гаммаларынын салыштыруу таблицасы.

Мажордо:

Табигый мажор - 1т, 1т, т, 1т, 1т, 1т. т

(ч.2, ч.2, к.2, ч.2, ч.2, ч.2, к.2.)

Гармониялык мажор - 1т, 1т, т, 1т, , 1 т, т

(ч.2, ч.2, к.2, ч.2, к.2, кең.2, к.2.)

 

Мелодиялык (обондуу) мажор

төмөн көздөй - 1т. 1 т. т. 1 т. 1т. 1т.

(ч.2, ч.2, к.2, ч.2, к.2, ч.2, ч.2.)

 

 

Минордо:

Табигый минор - 1т, т, 1т, 1т, т, 1т, 1т.

(ч.2, к.2, ч.2, ч.2, к.2, ч.2, ч.2.)

Гармониялык минор - 1т, т, 1т, 1т, т, 1 т, т.

(ч.2, к.2, ч.2. ч.2, к.2, кең.2, к.2)

Мелодиялык (обондуу) - 1т, т, 1т, 1т, т, 1 т, т.

(ч.2, к.2, ч.2. ч.2, ч.2, ч.2, к.2)

 

Аталыштары бирдей тоналдуулук (тональностор)

Поделиться:





Воспользуйтесь поиском по сайту:



©2015 - 2024 megalektsii.ru Все авторские права принадлежат авторам лекционных материалов. Обратная связь с нами...