Негизги баскычтар жана алардын аталыштары.
Стр 1 из 11Следующая ⇒ Биринчи бап. § 1. Музыка чыгармачылыкта, музыкалык үн жана анын түрү……………………………………………………………………………4-6 § 2. Музыкалык система. Үн катары. Негизги баскычтар жана алардын аталыштары. Октавалар…………………………………………………….7-9 § 3. Музыкалык түзүлүш. Темптелген түзүлүш. Жарым жана толук тон. Туунду баскычтар...........................................................................................10 Экинчи бап. § 4. Нота. Ноталык жазуу. Нота станы...........................................................11-12 § 5. Музыкалык ачкычтар................................................................................13-18 § 6. Музыкалык үн созулуштар.....................................................................19-22 § 7. Тыныгуулар..............................................................................................23-26 § 8. Альтерация белгилери. Энгармонизм үндөрү.......................................27-30 § 9. Диатоникалык жана хроматикалык жарым жана толук (бүтүн) тондор………………………………………………………………………....31-33 § 10. Үндөрдүн тамга менен белгилөө системасы....................... ………...34-38 § 11. Ноталарга коюулуучу кошумча белгилер. Үндөрдүн созулушун узартуучу белгилер.........................................................................................39-40 § 12. Динамикалык кубаттулук белгилери....................................................41 § 13. Темп (Ылдамдык)..................................................................................42-44 § 14. Эки үндү жаздыруу. Фортепиано үчүн музыка жаздыруу…………..45-46 § 15. Нота жазуунун кыскартуу белгилери…………………………...…….47-50 Үчүнчү бап. § 16. Ыргак (ритм) жана өлчөм (размер)..............................................51-54 § 17. Басым (акцент), ченем (метр), өлчөм (размер), такт.....................55-56 § 18. Жөнөкөй ченемдер (метрлер) жана өлчөмдөр (размерлер)……………………………………………................................57-60
§ 19. Татаал ченемдер (метрлер) жана өлчөмдөр (размерлер) Өтө күчтүү эмес үлүштүү басым. Татаал өлчөмдоргө тактын ичиндеги үн созулуштарын группировкалоо (топтоо, майдалоо). (Сложные метры и размеры)..............................................................................................61-62 § 20.Аралашма ченемдер (метрлер) жана өлчөмдөр (размерлер). Аралашма өлчөмдөгү тактынын ичиндеги үн созулуштарды группировкалоо. (Смешанные метры и размеры).................................................................63-65 § 21. Өзгөрүмө өлчөмдөр (Переменные размеры).......................................66 § 22. Синкопа...............................................................................................67-68 § 23. Темп, ченем (метр) жана ыргактын (ритмдин) музыкадагы мааниси..........................................................................................................69-70 Төртүнчү бап. § 24. Интервал (Музыкада аралык)...................................................................71 § 25. Жөнөкөй интервалдар (аралыктар). Диатоникалык интервалдар...........72 § 26. Интервалдардын сан жана сапаттык көлөмү.................................... 73-76 § 27. Кеңейтилген жана кемитилген интервалдар. Интервалдардын энгармоникалык теӊдештиги. Хроматикалык интервалдар……………………………..........................................................77-78 § 28. Интервалдардын айлануусу.................................................................79-80 § 29. Консонанстык жана диссонанстык интервалдар……………………….81 § 30. Курап түзүлүүчү интервалдар…………………..…………………….82-84
Бешинчи бап. § 31. Тоналдуулук жана лад. Тоника. Туруктуу жана туруксуз үн баскычтары. Мажордук лад...........................................................................86-87
Биринчи бап. Музыка чыгармачылыкта музыкалык үн жана анын түрү “Үн” чыӊалган дененин термелүүсү аркылуу келип чыккан физикалык көрүнүш. “Үн” деген сөз эки түшүнүктү берет. Биринчи түшүнүгү бул үндүн физикалык кубулушу, экинчи түшүнүгү бул үндү сезүү.
1. Үндүн физикалык кубулушу бул кандайдыр бир күч менен үндүн термелип чыгышы жана анын айланага тарашы. Бул үндүн таралышы “үн толкуну” деп аталып, ал туш тарапка толкундоо же термелүү күчү аркылуу тарайт. 2. Бул термелүү жана толкундоо үнү адамдын угуу органдарын ойготуп, ал нерв органдары аркылуу баш мээсинин нерв системасына келип жетип анын денесине тарап, сезүү органы пайда болот. Жаратылышта көптөгөн үндөр бар, ал угулган үндөрдүн баары эле музыкада колдонула бербейт. Биздин угуу сезимибиз эки үндү гана тандай алат. Аларга: музыкалык үн жана шуулдоо (шумовые) үндөрү кирет. Музыкалык үндөр деп абсолюттук кубаттуулугу менен белгилүү бийиктикти орното алган үндөр аталат. Ар кандай музыкалык добушту (үндү) ар түрдүү музыкалык аспаптарда жана үн менен кайталаса болот. Музыкалык үндүн физикалык касиеттерине: үндүн бийиктиги, катуулугу жана добушунун кооздугу (тембр) кирет. 1. Музыкалык үндүн бийиктиги титирөө күчүнүн (вибрирующего тела) ылдамдык термелүүсүнөн пайда болот. Термелүү күчү (колебание тела) канчалык тез кыймылдаса ал бийик угулат, эгерде ал жай кыймылдаса акырын угулат. Высота звука определяется частотой колебаний вибрирующего тела. 2. Үндүн катуулугу (громкость звука), термелүү күч энегиялык булагынын кайраттулугунан таасир этет, же болбосо анын термелүү амплитудасынан. Канчалык термелүү амплитудасы кенен жазы болсо, ошончолук үн добушу катуу угулат же болбосо тескерисинче канчалык ичке болсо акырын угулат. Громкость звука определяется энергией колебательных движений, то есть амплитудой колебаний. Чем шире амплитуда колебаний, тем громче звук, и наоборот:
3. Тембр – музыкалык добуш касиеттеринин бири жана добуш булагынын термелүү үнүн сапаттуулугу, кооздугу, көркөмү. Музыкалык добуш касиеттерин (тембрди) ар түрдүү сөздөр менен аныктайбыз, мисалы: үндөрдүн жумшагы, ачуусу, жагымдуусу созулмалуу жана башка ушул сыяктуу эле аспаптардын ар кандай добушта угулушу.
Мындан тышкары музыкада үн созулуш бул музыка чөйрөсүндө эң чоң ролду ойнойт, ал берилген үндүн созулушуна жана узундугуна жараша саналат. Шуулдоо (шумовые) үндөр деп, так созулуштагы бийиктиги жок үндөрдү айтабыз. Мисалы: чоӊ доолбастын жана оркестрдеги жез табактардын үнүн дал өзүндөй кылып үн менен жана аспаптарда кайталоого мүмкүн эмес ошондой эле кыйкырык, чагылгандын чартылдаганы, күндүн күркүрөгөнү, машиналардын ж.б. у.с.үндөр. (Жаңы музыкалык түзүлүштө биринчи октавадагы “ля” үн баскычынан секундасына 440 алгачкы термелүүнү түзөт.)
(Музыка - бул термелген добуштун энергиясы, үндөр термелүү күчү менен пайда болуп биринчиден алар өзүнүн үндүүлүгүн билгизет, экинчиден бул үндөрдү угуу органдары кабыл алганда термелүү күчү акырындап, бирок ошол добуштун энергиясы адамдын сезүү органын өстүрүүгө кабыл алынганын билдирет. Бул учурда убакыт керек. Музыкалык угуу сезими акырындап өсөт, бул угуу сезимин биз психология, эстетика жагынан жана жүрөгүбүздүн ички сезими менен түшүнсөк болот. Эгерде угуучу жакшы жазылган музыкалык чыгарманы дайыма укса, анда адамдын нерв системасынын сезүүсү абдан жакшы үндөрдү өзүнө кабыл ала баштайт жана алардын айырмасын чечип биле баштайт. Адамдын мээ системасы болгон гаммадагы үн добуштарын жатка эске түшүрө алат. Ошондуктан угуу сезимин канчалык көбүрөөк өстүрсө көп тажрыйба (опыт) пайда болот.) (Музыка, это энергии вибрации звуков, звуки происходят за счет колебания, но счет того что они происходят, во-первых, они дают знать о себе, во-вторых, когда слуховые нервы принимают колебания они затухают, но эти энергии были получены тем самым развивая чувства. Не обходимо время. Музыкальный слух развивается со временем, слух можно понимать, как чувственность, психологию, эстетичность, душевность. Если слушатель слушает качественную музыку постоянно, нервные окончания начинают сильнее ощущать звуки и точно различать их. Всю полученную гамму звуков запоминает наш далеко известный мозг. Развивая слух набирается опыт.
§ 2. Музыкалык система. Үн катары. Негизги баскычтар жана алардын аталыштары. Октавалар. Фортепианодогу ак жана кара клавишалардын тең тартиптелген бийиктикте жайгашкан тегиз үн катары клавиатура деп аталат. Музыкалык система бул бири-бири менен белгиленген бийиктикте карым-катнашта болгон үндөрдүн катарын көрсөтүү. Үндөрдүн системасынын бийиктиги боюнча жайгашуусу үн катары деп, ал эми ар бир үн – анын баскычы деп аталат. Фортепианодогу эң төмөнкү добуштан эң жогорку добушка чейинки тегиз тизилген үн ирээти толук музыкалык үн катары болуп эсептелет. Музыкалык системанын бул үн катары 88 ар түрдүү үндөрдү өзүнө камтыйт. Бул үн катарынын ар түдүү үн бийиктигинадам баласынын угуу сезими айырмалай алат. Музыка системасындагы үн катарындагы негизги баскычтарына: До, ре, ми, фа, соль, ля, си деген жети нота аталыштары ыйгарылган. Негизги үн баскычтарынын фортепианонун клавиатурасындагы жайгашышы:
Ал эми бул аталыштардын кайталануусун айырмалаш үчүн октавалар колдонулат. Эки бирдей баскычтагы үндөрдүн аралыгы октава деп аталат. Октава – сегизинчи, сегиз баскычтан турган аралык. Октаванын эң башкы үнүнө “до” деп аталган баскычын ыйгарабыз, “до” баскычынан кийинки “до” баскычына чейинки аралык октава болот. Өзүнчө үндүн же аспаптын музыкалык диапазонунун мүнөздүү үндүү түсү регистр деп аталат. Фортепианодо октавалар үч регистрге бөлүнөт: төмөнкү, ортоӊку, жана жогорку. Төмөнкү регистрге: субконтроктава (толук эмес), контроктава жана чоӊ октавалар кирет. Ортоңку регистрге: кичи жана биринчи октавалар кирет. Жогорку регистрге: экинчи, үчүнчү, төртүнчү (кээ бир фортепианодо толук эмес төртүнчү) октавалар жана бешинчи октава кирет. (Көбүнчө фортепианолордо толук эмес төртүнчү октавалар жайгашылган, беш октава жайгашылган фортепиано жана роялдар да кездешет.) Октавалардын аталыштары төмөнкү үн бийиктигинен жогору көздөй санаганда: субконтроктава (толук эмес), контроктава, чоӊ октава, кичи октава, биринчи октава, экинчи октава, үчүнчү октава, төртүнчү октава (кээ бир фортепианодо толук эмес), жана бешинчи октавалар кирет. Октавалардын жайгашышын клавиатурадан карап көрөлү:
Бийик музыкалык үндөргө: аялдардын жана жаш балдардын үндөрү, музыкалык аспаптардан: флейтанын, скрипканын жана фортопианонун клавишаларынын оӊ жак жарымынын үндөрү биринчи октавадан жогору көздөй үн баскычтары, төмөнкү музыкалык үндөргө: эркектердин үнү, оркестрдеги жоон үндүү (бас) аспаптардын үнү, жана фортопианонун клавишаларынын сол жак жарымынын кичи октавадан төмөн көздөй үн баскычтары кирет. Диапазон - бул бийиктик, музыкалык аспаптарда же адамдын үнүндөгү жеткиликтүү бөлүмүнүн жалпы бийиктиги. Обертондор немец тилинен алынган oberton – бийик тон, бийик добуш деп которулат. Бул белгилүү бир үндүн негизги бийиктигинен жогору чыккан музыкалык кошумча добуштар же тыбыштар. Мисалы үйлөмө музыкалык аспаптардын ичине камалган аба, тартылган кыл термелген кезде нукура же гармониялык деп аталган кошумча добуштар, тыбыштар пайда болот. Алар негизги тон менен кошулуп нукура добуш катарын түзүшөт. Бул катардагы термелүү бирдиги нукура 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16 ж. б. ушул сыяктуу болуп саналат. Мындай үн катар добуштарын нукура (натуралдык) деп аталат. Чоң октавадагы “до” негизги добушун алып, биз тегиз үн бийиктигин түзүп көрөбүз. Приняв за основной тон звук до большой октавы, мы можем построить ряд звуков с частотами, соответствующими этой закономерности: § 3. Музыкалык түзүлүш. Темптелген түзүлүш.
Воспользуйтесь поиском по сайту: ©2015 - 2024 megalektsii.ru Все авторские права принадлежат авторам лекционных материалов. Обратная связь с нами...
|