Главная | Обратная связь | Поможем написать вашу работу!
МегаЛекции

Тоналдуулуктардын тамгалык талыштары




Мажор тоналдуулугу

 

До мажор — С-dur
Соль мажор — G-dur Фа мажор — F-dur
Ре мажор — D-dur Си бемоль мажор — B-dur
Ля мажор — A-dur Ми бемоль мажор — Es-dur
Ми мажор — E-dur Ля бемоль мажор — As-dur
Си мажор — H-dur Ре бемоль мажор — Des-dur
Фа# мажор — Fis-dur Соль бемоль мажор — Ges-dur
До# мажор — Cis-dur До бемоль мажор — Ces-dur

Минор тоналдуулугу

ля минор — a-moll
ми минор — e-moll ре минор — d- moll
си минор — h-moll соль минор — g-moll
фа# минор — fis-moll до минор — c-moll
до# минор — cis-moll фа минор — f-moll
соль# минор — gis-moll си бемоль минор — b-moll
ре# минор — dis-moll ми бемоль минор — es-moll
ля# минор — ais-moll ля бемоль минор — as-moll
   

Квинталык айлампа.

Энгармонизм тоналдуулугу

 

Француз тилинен которулганы “tonalite” ал эми грек тилинен «τόνος» – башкы тондун (тоника) бийиктик орду менен аныкталуучу ладтын үндөрүнүн белгилеген бийиктиктери деп которулат. Тона́льность (фр. tonalité, от греч. τόνος — напряжение, натяжение; тон)

Тональность же тоналдуулук деп үн бийиктигиндеги тегиз жайгашкан ладды айтабыз. Тональностун аталышы үндүн тоникада турган аталышынан келип чыгат.

Мисалы: «до» үн баскычы тоникадан (I баскычтан) түзүлгөн мажордук ладдан, тоналдуулук До-мажор деп аталат, эгерде ал минордук ладдан түзүлгөн болсо, тоналдуук до-минор болот, Төмөнкү мисалда “ре” үн баскычы тоникадан (I баскычтан) түзүлгөн мажордук лад:

 

 

Тоналдуулук диездүү жана бемольдуу тоналдуулук деп экиге бөлүнөт. Музыкалык тажрыйбада жети диездик жана жети бемольдук тоналдуулуктары колдонулат. Бул тоналдуулуктарда альтерация белгилери ачкычтын жанына жазылып, ачкычтуу белги деп аталат.

Бири-биринен бир ачкычтуу белги менен айрымаланган тоналдуулуктар тектеш (тууганчылык) тональндуулуктар деп аталат, анткени аларда алты үн баскычтары окшош болот.

До мажордун тектеш диез тоналдуулугу Соль-мажор болуп саналат, ал эми До мажордун тектеш бемольдуу тоналдуулугу Фа мажор болуп саналат.

Соль-мажор тоналдуулугу До-мажордон таза квинта жогору жайгашылган, ал эми Фа-мажор тоналдуулугу таза квинта төмөн жайгашылган.

Мажордук тоналдуулуктардын жайгашуу тартиби: диездүү тональностор таза квинтага жогору, ал эми бемольдуу тональностор таза квитага төмөн саналып 7-диездүү жана 7-бемольдуу тоналдуулуктун квинталык айланпасы түзүлөт. Мисалы мажордук квинталык айланпа:

 

Мажордук тоналдуулукта кийинки жаңы пайда болгон тоналдуулук бешинчи баскычта түзүлүп, жаңы коюлган альтерация “диез” белгиси тональностун VII баскычта ачкычтын жанына коюлат, ал эми бемоль тоналдуулукта төмөн таза квинта менен саналып, ачкычтын жанына пайда болгон “бемоль” альтерация белгиси IV баскычта ачкычтын жанына коюлат. Демек жаңы пайда болгон диездүү тональносттун VII баскычы жарым тонго жогору ойнолот, ал эми жаңы пайда болгон бемоль тональносттун IV баскычы жарым тонго төмөн ойнолот.

Мажордук жана минордук квинталык айланпа.

 

Энгармоникалык теӊдеш тоналдуулуктар деп бирдей бийиктикте, бирок ар башка аталыштагы тоналдуулуктар саналат.

Музыкада колдонулган мажор тоналдуулуктардын ичинен Си мажор -До-бемоль мажорго, Фа диез мажор - Соль мажорго, До-диез мажор - Ре-бемоль мажорго энгармоникалык теӊдеш тоналдуулук болуп эсептелет. Жогорудагы мисалда квадрат менен белгиленип көргөзүлгөн.

Төмөндөгү мисалда энгармоникалык теңдеш тоналдуулуктардын нота менен жазылышы:

 

Мажордук диездүү жана бемольдуу квинталык айланпанын ноталык станда жазылышы. Диездүү квинталык айлампа:

 

 

Бемольдуу квинталык айлампа:

 

Ачкычтын жанына коюлган диез белгисин санап көрөбүз, ал ар бир жаңы пайда болгон мажор тональностун VII баскычында пайда болот:

фа , до , соль , ре , ля , ми , си .

Ачкычтын жанына коюлган бемоль белгисин санап көрөбүз, ал ар бир жаңы пайда болгон мажор тональностун IV баскычында пайда болот:

си , ми ля , ре , соль , до , фа .

 

Жети диездүү мажордук тоналдуулуктардын ноталык тизилиши:

Туруктуу Туруксуз

үн баскычтары үн баскычтары

 

 

Жети бемольдуу мажордук тоналдуулуктардын ноталык тизилиши:

Туруктуу Туруксуз

үн баскычтары үн баскычтары

 

Ачкычтын жаныны жазылган альтерация белгилерин эстеп калабыз:

 

диездер

 

 

бемольдор

 

Мисалы: минордук квинталык айланпа.

 

Минордук тоналдуулукта кийинки жаңы пайда болгон тональность бешинчи баскычта түзүлүп, жаңы коюлган альтерация “диез” белгиси тональностун II баскычына ачкычтын жанына коюлат, ал эми бемоль тоналдуулукта төмөн таза квинта менен саналып, ачкычтын жанына пайда болгон “бемоль” альтерация белгиси VI баскычына ачкычтын жанына коюлат. Демек жаңы пайда болгон диез тональносттун II баскычы жарым тонго жогору ойнолот, ал эми жаңы пайда болгон бемоль тональностунун VI баскычы жарым тонго төмөндөлүп ойнолот.

 

7 диез жана 7 бемоль минордук тональносторду таблицадан карап көрөбүз:

 

 

Минор тоналдуулукта ачкычтын жанына коюлган диез белгисин карап көрөсөк, ал ар бир жаңы пайда болгон минор тональностун II баскычында пайда болот:

фа , до , соль , ре , ля , ми , си .

Минор тоналдуулукта ачкычтын жанына коюлган бемоль белгисин карап көрөсөк, ал ар бир жаңы пайда болгон минор тональностун VI баскычында пайда болот:

си , ми ля , ре , соль , до , фа .

 

7 диездик жана 7 бемольдук мажор жана минор тоналдуулуктарды таблицадан карап жаттап ал:

Мажор жана жарыш жайгашкан минор диездүү тоналдуулугу:

 

Мажор Кош жайгашкан минор Белгилер
До -мажор, С- dur ля- минор, а-moll Белги жок  
Соль – мажор, G-dur ми – минор, e-moll 1# - фа.  
Ре – мажор, D-dur си – минор h-moll 2# - фа, до.  
Ля – мажор, A-dur фа # - минор fis-moll 3# - фа, до, соль.  
Ми – мажор, E-dur до # - минор cis-moll 4# - фа, до, соль, ре.  
Си – мажор, H-dur соль # - минор gis-moll 5# - фа, до, соль, ре, ля.  
Фа # - мажор, Fis - dur ре # - минор dis-moll 6# - фа, до, соль, ре, ля, ми.  
До # - мажор, Cis - dur ля # - минор ais-moll 7# - фа, до, соль, ре, ля, ми, си.  

 

Мажор жана жарыш жайгашкан минор бемольдуу тоналдуулугу:

Мажор Кош жайгашкан минор Белгилер
До -мажор, С- dur ля- минор, а-moll Белги жок
Фа – мажор, F-dur ре – минор, d-moll 1 - си.
Си – мажор, B-dur соль – минор, g-moll 2 - си,ми
Ми – мажор, Es-dur до - минор, c-moll 3 - си,ми,ля
Ля – мажор,As-dur фа - минор, f-moll 4 - си,ми,ля,ре.
Ре – мажор, Des-dur си - минор b-moll 5 - си, ми, ля, ре, соль.
Соль – мажор, Ges-dur ми - минор es-moll 6 - си,ми,ля,ре,соль, до
До – мажор, Ces-dur ля – минор as-moll 6 -си,ми,ля,ре,соль,до,фа

Карап көрсөк баардыгы болуп 30 тональностор бар экен, анын 14 бемольдук, 14 диездик, экөөндө белги жок, 7 мажор – 7 минор диездик, 7 мажор – 7 минор бемольдук тональностор экен. Таблицаны карап көр:

§ 31. Мажор жана минор гаммаларынын түрлөрү.

Поделиться:





Воспользуйтесь поиском по сайту:



©2015 - 2024 megalektsii.ru Все авторские права принадлежат авторам лекционных материалов. Обратная связь с нами...