Тоналдуулук жана лад. Тоника.
Туруктуу жана туруксуз үн баскычтары.
Биздин байкообузда музыкалык чыгармаларды угуп же ойноп жатканда алардын үндөрү бири-бири менен тыгыз байланышта экендигин жана ал обондуу үндөрдүн арасынан кээ бир үндөр таяныч мүнөздө үн баскычтары экендиги талашсыз. Музыкалык чыгарма көбүнчө ошол таяныч үндөрдүн биринде бүтөөрү анык. Ошол таяныч үндөр деп туруктуу үндөрдү беребиз, анткени мындай таяныч үн баскычтарынан бүткөн музыкалык чыгарма туруктуулукту жана тынчтыкты алып келет. Музыкалык чыгармада туруктуу үн баскычтарында эң жакшы добушта угулуп, үндөрдүн арасынан башкалардан көбүрөөк бөлүнүп тураган мындай туруктуу үн тоника деп аталат. Ал ладда башкы таяныч болуп саналат. Болгон музыкалык чыгармалар кайсы тоналдуулукта жазылганын ушул тоникадан аныктаса болот. Туруксуз үндөр деп ошол туруктуу үндөрдүн жанындагы жандаш үн баскычтары аталат. Туруксуз үн баскычынын туруктуу үн баскычына келип токтоосу умтулуу келүшүүсү (разрешение) деп аталат. Туруктуу жана туруксуз үн баскычтарынын өз ара катнаш системасы лад деп аталат. Латын тилинен алынган modus - бул түрдүү бийиктиктеги добуштардын өз ара катышуусу деп түшүндүрөт. Лад ар кандай бийиктикте жайгашкан үн баскычтарынын топтолушун бир ирээтке келтирет жана музыкалык чыгармага маңыздуу мүнөздөрдү берип турат. Музыкалык чыгармалардын мүнөзүн лад менен аныктаса болот. Мисалы: Мажордук, минордук деп.
Можор жана минордук лад
Элдик музыкада көптөгөн ладдарды жолуктурсак болот, алардын ичинен эң көп колдонулган бул мажор жана минор ладдары.
Латын тилинен алынган “ major” – чоң деп которулат. Можордук лад деп туруктуу үч (I, III, V) үн баскычтарынан түзүлгөн чоң жана мажордук үч үндүүлүктү (аккордду) атайбыз. Мажордук үч үндүүлүк терция менен түзүлөт. Алардын аралыктары: негизги баскычтан ортоңку баскычка чейин чоң терция, ортоңку баскычтан жогорку баскычка чейин кичине терция, ал эми негизги баскычтан жогорку баскычка чейин таза квинтаны түзөт. Кычкача жазылышы жана түзүлүшү: (Ч = ч.3+к.3 = т.5) Мисалы: Мажордук чоң кичине таза Үч үндүүлүк терция терция квинта
Мажордук үч үндүүлүк (трезвучие) тоникада түзүлсө тоникалык үч үндүүлүк (тоническое трезвучие) деп аталат. Ал эми I – баскыч ладда тоника деп аталат. Ладда үн айкалышынын бийиктигинин тегиз тизилиши (тоникадан кийинки октава тоникага чейинки аралык) үн ирээти же болбосо гамма деп аталат. Ал эми гаммадагы тизилген үндөр баскычтар деп аталат. Мажордук лад жети үн баскычтарынан турат. Ар бир баскыч рим сандары менен белгиленет: I, II, III, IV, V, VI, VII. Туруктуу үн баскычтары боёлбогон ноталар менен, ал эми туруксуз үн баскычтары боёлгон ноталар менен белгиленет. Мындай учурда туруктуу жана туруксуз үн баскычтарынын схемасы жогорудагыдай көрүнүштө болот. Мисалы До – мажор үн ирээти же гаммасы: Туруктуу үн баскычтары Туруксуз үн баскычтары Мажордук гамманын баскычтарынын аралык тондорун жана интервалдарын санап көрсөк, анда баскычтардын секундалык жайгашуу тартиби төмөндөгүчө болот: ч.2 ч.2 к.2 ч.2 ч.2 ч.2 к.2 Бул гамма баскычтарынын тегиз тизилишин табигый (натуралдык)мажордук гамма, ал эми анын туура ирээти табигый (натуралдык) мажор деп аталат. Рим сандык белгиден тышкары, ладдагы ар бир баскыч өз алдынча аталышка ээ:
I баскыч - тоника (Т), II баскыч - төмөндөөчү алгачкы (кириш) үн, III баскыч - медианта (ортоӊку), IV баскыч - субдоминанта (S), V баскыч - доминанта (D), VI баскыч - субмедианта (алдыӊкы медианта), VII баскыч - жогорулоочу алгачкы (кириш) үн
Тоника (I баскыч), субдоминанта (IV баскыч) жана доминанта (V баскыч) баскычтары негизги баскычтар деп, калгандары (II, III, VI, VII баскычтар) – кошумча баскычтар деп аталат. Мажор жана минордук лад музыкалык мүнөздөрү менен дагы айырмаланат. Мажор – бул көнүлдүү, ачык, жайдары мүнөздөгү лад. Минор – бул кайгылуу, лирикалык, мукамдуу лад. мажордун латынча жазылышы dur деп белгиленет. Мисалы: До-мажор C-dur, Ре-мажор D-dur ж. б. Мисалы: ля-минор а- moll, до-минор c-moll ж. б.
Минордук лад.
Минордук лад деп туруктуу үч (I, III, V) үн баскычтарынан түзүлгөн кичине жана минордук үч үндүүлүктү (аккордду) атайбыз. Мажордогудай эле минордук үч үндүүлүк терция менен түзүлөт. Алардын аралыктарын санап көрсөк: негизги баскычтан ортоңку баскычка чейин кичине терция, ортоңку баскычтан жогорку баскычка чейин чоң терция, ал эми негизги баскычтан жогорку баскычка чейин таза квинтаны түзөт. Кычкача жазылышы жана түзүлүшү: (К = к.3 + ч.3 = т.5) Мисалы ля – минордо: таза 5
к.3 ч.3 Ля нотасынан до нотасына чейин кичине терция, до нотасынын ми нотасына чейин чоң терция, ал эми ля нотасынын ми нотасына чейин таза квинтаны түзөт. Латын тилинен алынган “ minor ” – кичине деп которулат, ал эми анын латынча белгилениши “ mollis” moll - жумшак, назик деп которулат. Мисал келтиребиз: ля –минор, а – moll
Минордук ладдын гаммасы мажордук ладдай эле (жогорудагы мисал) жети баскычтан турат, мажордук лад сыяктуу эле минор дагы рим цифрасы менен белгиленет жана мажордогудай эле аталышка ээ. Минордук ладдын мажордук ладдан айрымасы секундалардын жайгашуу ыраатынан. Табигый (натуралдык) минордун гаммасынын секундалык жайгашуу тартибин ля –минордон карап көрөбүз (а – moll):
ч.2 к.2 ч.2 ч.2 к.2 ч.2 ч.2 Туруктуу жана туруксуз үн баскычтарынын схемасы төмөнкүдөй көрүнүштө болот, мисалды до-минордон карап көрөлү с –moll: Мажор жана минордук ладдын тондук иреээтин салыштырып көрөлү:
Демек мажор жана минордун үч кош үн баскычтарынын (I, III, V) мүнөзү жана аталышы астыңкы терциядан көз каранды. Эгерде бул терция чоӊ болсо, анда ал мажордук, ал эми терция кичине болсо ал минордук болуп саналат. Мажодук жана минордук ладдарда карап көрсөк: үч негизги баскычтарга: I, IV жана V; кошумча баскычтарга: II, III, VI, VII;
Ал эми туруктуу баскычтарга: I, III жана V; туруксуз баскычтарга: II, IV, VI, VII кирет.
Воспользуйтесь поиском по сайту: ©2015 - 2024 megalektsii.ru Все авторские права принадлежат авторам лекционных материалов. Обратная связь с нами...
|